Кыргызстанда санариптик телеге өтүү үчүн социалдык пакетке 15 телеканал киргизилет. Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.
Белгилүү болгондой, социалдык пакетке кирүүнү каалаган телекомпаниялардан рентабелдүүлүк, социалдык, билим-илим, коомдук-саясий программалар, стабилдүү рейтинг талап кылынат.
Маалыматта айтылгандай, учурда социалдык пакеттин жобосу иштелип чыгууда. Кыргызстандык жашоочуларга бекер көрсөтүлүүчү телеканалдардын тизмесин түзүүнү өкмөт кабыл алган.