Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши Рамазан айынын башталышын, Орозо жана Курман айт күндөрүн тактоо жөнүндө чечим чыгарганы белгилүү. Ага ылайык, 28-июнь Рамазан айынын биринчи күнү болуп бекитилген. Бирок көрсөтүлгөн күндөр Айдын жаңыруусуна байланыштуу бир күнгө айырмалануусу мүмкүн экени айтылган. КРнын Муфтиятынын башчысы Максатбек ажы Токтомушев Сауд Арабияда жана Египет өлкөлөрүндө Ай көрүнбөгөнүн айтып, мындан улам Рамазан айы 29-июнда башталарын билдирди.