"Мамырканова №4-төрөт үйүнөн наристенин уурдалышына күнөөлүү эмес",- дешет жакындары. Бул тууралуу алар бүгүнкү маалымат жыйынында билдиришти.
"Анын күнөөсү сотто такталган жок. Бирок ага карабай ал 15 жылга кесилип кетти. Ымыркайлар уурдалган күнү Мамырканова төрөт үйүндө болгон эмес. Андыктан биз апелляциялык арыз жаздык. Себеби негизги күнөөлүүлөр жазасын албай калышты",- дейт жактоочу
Жаныбек Нарынкулов.