“Бишкектеги №4-төрөт үйүнөн ымыркай уурдады, уурдоого катыштыгы бар" деп айыпталып жаткандарга сот акыркы чечимин чыгарды. Бул тууралуу Октябрь райондук сотунан билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 19-июнда Нуржан Макенова, Шарапат Мамырканова жана Бегайым Алиеванын иши боюнча сот отуруму болгон. Соттун чечимине ылайык, Бегайым Алиева менен Шарапат Мамырканова 15 жылга эркинен ажыратылышса, Нуржан Макеновага 270 миң сом айып пул салынган.
Эске сала кетсек, өткөн жылдын 5-ноябрында Бишкектеги №4-төрөт үйүнөн ымыркай уурдалганы маалымдалган. Кийин 10 күнгө жетпей ымыркай Асанбай кичи районунан табылган. Аталган кылмышка шектүү катары эки дарыгер айым жана ымыркайды сатып алган аял кармалган эле.