Грузиянын экс-президенти
Эдуард Шеварднадзе 86 жаш курагында каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда чет өлкөлүк маалымат булактары жарыялашты.
Э.Шеварднадзе акыркы айларда катуу ооруп жүргөнү айтылды. Сөөгү кайсы күнү жерге берилери азырынча белгисиз.
Эдуард Шеварднадзе:
1928-жылдын 25-январында Грузия ССРинин Ланчхутско районундагы Мамати кыштагында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган.
Мектептен кийин Тбилисидеги Медициналык техникумду аяктап, 1959-жылы Педагогикалык институтту бүтүргөн.
Саясатка аралашкандан кийин, 1972-жылы Грузиянын Компартиясынын биринчи катчылыгына көтөрүлүп, 1985-жылы Михаил Горбачёв тарабынан СССРдин Тышкы иштер министрлигине дайындалган.
1985-1990-жылдары СССРдин Тышкы иштер министри, ал эми СССР тарагандан кийин, 1995-жылы Грузиянын президенти болуп шайланган.
2003-жылы Грузияда бийлик алмашуу болуп, ошол жылдын 23-ноябрында кызматынан чегинген. Жергиликтүү мамлекеттик телевидение аркылуу Шеварднадзе ээлеген кызматынан кетүүнү тастыктаган документке кол койгондугун билдирген. Анда Грузиянын экс-президенти оппозиция тарабындагылар менен тирешүүдө бейкүнөө адамдардын каны төгүлбөшү үчүн ушундай кадамга барганын маалымдаган.
2004-жылдын 4-январында өлкөдө президенттик шайлоо болуп, оппозициячыл саясатчы Михаил Саакашвили шайлоого катышкандардын 80 пайыз добушуна ээ болуп, жеңишке жетишкен.
Шеварднадзеге эки жолу кол салуу болгон. 1995-жылдын август айында жардырылган заттан жаракат алган. 1998-жылдын февраль айында Тбилиси шаарында президенттик кортежди белгисиз адамдар гранатомёт жана автомат менен аткылашкан. Брондолгон унаа Э.Шеварднадзенин өмүрүн сактап калганы белгилүү.