Ош облусунун Өзгөн райондук прокуратурасы райондук администрацияга текшерүү жүргүзүп, анда коррупциялык иштердин бетин ачты. Текшерүүдө акимчиликте иштеген 2 жооптуу кызматкер мамлекеттин эсебинен 50 миң сом акчаны өз кызыкчылыктарына иштеткени маалым болду. Бул каражат администрациянын жол транспорт чыгымдары үчүн бөлүнгөн акча болгон. Ошондой эле аталган мекемеде мурда башкы эсепчи болуп иштеген жаран 2011-жылдын январь-август айлары үчүн жумушчулардын маянасын берүү учурунда 164 046 сомду мыйзамсыз кармап калган. Мунун натыйжасында мамлекетке 214 046 сом зыян келтирилгенин билдирет Башкы прокуратура. Учурда бул иштер боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.