Мыйзамсыз паспорттор жасалууда

"Инфоком" мамлекеттик борборунда Кыргыз Республикасынын токтомуна ылайык келбеген ID-card жасалып жатканын "Акыйкат жана чынчыл эл үчүн" ачык коому билдирди. Аталган коомдун айтымында, мындай мыйзамсыз иш лицензияланган программалык камсыздоо жана техникалык жабдуулардын жоктугунан келип чыгууда. "Инфоком" борборунан чыккан ID-card'дын ээлери төмөндөгүдөй кыйынчылыктарга туш келиши мүмкүн: Европа биримдигине кирип-чыга албайт; Жер үлүштөрү боюнча документтерди жасай албайт; Каржы жана банк операцияларын аткара албайт; Шайлоого катыша албайт; Жарандык абалы боюнча каттоодон өтө албайт (нике, ажырашуу ж.б.). Үстүбүздөгү жылдын октябрь айына чейин ID-card'ды жасоодо атайын шрифттер колдонулчу. Азыр бул шрифттер атайын программа аркылуу гана ишке ашат. Бирок аларды колдонууга эркин мүмкүндүк жок болгондуктан, учурда "Инфоком" шрифттерди интернеттен алып колдонууда. Мындайда документтин жасалмасын жасоо оңой болуп калат.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан