Чүй облусунун Жайыл районунда "52 жаштагы аялды зордуктады" деген шек менен Кара-Балта шаарынын тургундары 20 жаштагы С.А., 23 жаштагы Г.И. жана 19 жаштагы Д.В. кармалышты. Маалыматка ылайык, 5-январь күнү Кара-Балта шаардык ИИБине Д.Н. аттуу аял арыз менен кайрылып, белгисиз жарандар күч колдонуп зордуктаганын айткан. Бул иш боюнча Жайыл РИИБинин кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүп, аталган 3 адамды кармашты. Учурда окуя боюнча тергөө иши жүрүүдө.