Орусия. Метродогу кырсыктан көз жумгандардын саны 20га жетти, жабыркагандардын же каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок

Бүгүн, 15-июлда эртең менен "Славян бульвары" станциясынан 200 метр алыстыкта поезд тез токтоп, 3 вагон рельстен чыгып кетти. Мындан улам Москва шаарынын жетекчилиги эртең, 16-июлду аза күтүү күнү деп жарыялап, метрону кайра ишке киргизүүгө 2 күндөй убакыт кетерин айтты.

Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев каза болгондордун жакындарына өкмөттүн атынан көңүл айтып, кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн бүт аракеттер жумшаларын кошумчалады.

КРнын Тышкы иштер министрлиги "Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан кырсыктан жаракат алгандардын өздүгү такталууда. Алдын ала маалыматтарга караганда, жабыркагандардын же каза болгондордун арасында чет өлкөлүктөр, анын ичинде кыргызстандыктар жок" деп билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар боюнча шаардык комиссиянын жетекчиси жана мэрдин орун басары Пётр Бирюков кырсыктан көз жумгандардын саны 20га жеткенин маалымдады. Бир нече мүнөт мурун көз жумгандардын саны 15ке жеткени айтылган болчу.

Саламаттыкты сактоо департаментинин жетекчилигине шилтеме берүү менен орусиялык басылмалар 11 адамдын мерт болгонун жана 120дан ашуун жаран жаракат алганын жазып чыгышкан эле. Маалыматка караганда, алардын 106сы бейтапканаларга жайгаштырылды. Жаракат алгандардын басымдуу бөлүгүнүн абалы оор. 

Кырсыкка кабылган поездден 200дөй жүргүнчү эвакуацияланган. Окуя болгон жерге барган Москва шаарынын мэри Сергей Собянин курман болгондордун жакындарына 1 миллион рублден, ал эми жаракат алгандарга 500 миң рублден компенсация төлөнөрүн билдирди. 

Буга чейин жогорудагы кырсыктан 3 адам каза болгону жана 80ге жакын жаран жаракат алганы айтылган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
kama_future_millioner
2014-07-15 18:31:04
Жаман болуптургооо
0
momuntay
2014-07-15 18:41:31
Кудай озун сактай кор. Москвада менин да жакындарым бар да....
+3
Sharipa-asia
2014-07-15 19:43:09
Кудай сактасыыыын метродон деле коркуп калдым, жаман болуптур, айтор аман эле иштеп кайталычы
+1
ayakosya
2014-07-15 20:04:44
Кыргыздарга эчнерсе болбосо экен
0
zulik_julik.kg
2014-07-15 20:41:02
азыр уктум кыргызстандын жараныда бар экен больницада экен

+1
Alai.kyzy
2014-07-15 22:45:55
zulik_julik.kg, так маалымат жазсаныз болмок. Канчалаган адамдардын жакындары ал жакты. Убайым тартабыз... аман эле болушсун бир боорлорубуз!
0
gulperi.kg
2014-07-15 21:03:23
Москва ызы чуу эле болот корсо авария болуптур да
0
ulanamirbekov
2014-07-15 22:15:54
бүгүн метрого чыктым эле, кийевскийден славянский бульварга чейин движения жок деп жаткан эле, көрсө кырсык болгон турбайбы
0
mama.i.synochka
2014-07-15 23:13:50
кыргыздар жок дейт жаракат алгандардын ичинен казбек нурбек деп журотко
0
dirol
2014-07-15 23:45:19
mama.i.synochka,
Каякта журот?
0
mama.i.synochka
2014-07-16 00:56:34
dirol, новостиден корсотту
0
semakg
2014-07-16 00:20:53
Абдухакимов Нурбек Махамадсадыкович ГКБ № 1 им. Пирогова кыргыз болушу мумкун, жабыр тарткандардын тизмесинде 1-турат.
0
samar55
2014-07-16 00:22:50
Медиктер биринчи списокту жарыялашты кыргыздар жок окшойт менимче бирок ар бир вагондо созсуз жок дегенде 5-7 кыргыз болот кайсы метродо болбосун.деги жок болсо экен кудай кырсыктан тышкары кылып аман эсен иштеп кетели мекендештер.
0
semakg
2014-07-16 10:22:19
samar55, Бир кыргыз жараны реанимацияда экен. Биздин министерствого соз жокда эми сразу жок дешет. Карап сураштырып коюшпайбы эч болбосо интернеттен окуп коюшпайбы деймда.
0
admin_portal
2014-07-16 10:40:54
semakg, Сиз кабардын чыккан убагын, датасын да карап койсоңуз. Бул кабар кечээ, 15-июлда жазылган.
Жаңы маалыматтарды төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп, окуй аласыз: http://www.super.kg/kabar/news/75637/
0
Kunnur
2014-07-16 00:59:40
Парк победа метронун жана славянский метронун ортосунда болду.москвичтерден коз жумганы 7-8 калганы азиаттардан деп атат.озбек тажиктерден деп атышат.эми бир нерсе деш да кыйын.ажал жетсе эч нерсе кылалбайбызда.
0
wizard
2014-07-16 01:10:18
Кудай эскертти заалым Москваны,эсин барба шымын ды кий!
0
Maisara
2014-07-16 05:34:05
Кантип Эле кыргыз жараны болбойт ал жерде созсуз бар.... Ал центр примой линия болтат гоо ХХХ ХХХ ХХХ!!!!! Жаракат алган болсо аларга да компенсация толоп бериши керек каза тапкандарын жашырышбай оз мекенине жеткириши керек...!!! Ал жерде 20 да ашык адам каза болгон ... Болгондо да вторник жумуш куну!!!!!
0
admin_portal
2014-07-16 10:09:06
alaika.kg - 5 күнгө БАН!
Maisara - эскертүү!
Кабарды кунт коюп окусаңар. Бул кабар кечээ, 15-июлда саат 17:30да жазылган. Ал убакта каза болгондордун саны 20га жетип, КРнын Тышкы иштер министрлиги "кыргызстандыктар жок" деген маалымат берген.
Сайтта жазылган ар бир кабар такталып жазылат.
0
admin_portal
2014-07-16 10:10:36
Ал эми кырсык боюнча жаңы кабарларды төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп, окуй аласыңар: http://www.super.kg/kabar/news/75637/
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан