Кыргызстанда өрт кырсыгынын алдын алуу максатында 2012-жылы республика боюнча гезит-журналдарга 1070 макала жарыяланса, 872 телеберүү даярдалган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Ошондой эле өлкө боюнча 4061 радио уктуруу берилсе, эл көп чогулган жерлерде өрт коопсуздугу тууралуу 276 миң 465 түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Тиешелүү мекемелерге, ишканаларга өрт коопсуздугу тууралуу 1522 маалымат жөнөтүлгөндүгүн билдирет ӨКМ.