ИИМ: "2012-жылы Бишкек шаарында 10 миң 566 кылмыш катталды"
2012-жылы Бишкек шаарында 10 миң 566 кылмыш катталып, алардын 54 пайызынын бети ачылган. Бул маалыматты ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады. Ошондой эле 2012-жылы кылмышка шектүү катары 4161 адам кармалып, алардын ичинен 4092си жоопкерчиликке тартылды. Мындан сырткары өткөн 2012-жылы 75 киши өлтүрүү кылмышы катталганын билдирет ИИМ.