18-январда саат 05:00 чамасында Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон райондук ИИБинин кызматкерлери Ачы токоюнан 26 даана жаңгак багын кыйып бара жаткан Мерседес-Бенц-1422 үлгүсүндөгү унаанын ээсин кармашты. Иликтөөдө аталган жаран Базар-Коргон районунун жашоочусу экендиги белгилүү болду. Тергөөчүлөрдүн айтымында, бул ишке ишке жаңы шайланган жергиликтүү кеңештин бир депутатынын да катышы болушу мүмкүн. Учурда аталган иш боюнча Базар-Коргон райондук ИИБи тарабынан "Бак-дарактарды жана бадалдарды мыйзамсыз кыюу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.