"Бишкектеги №4-төрөт үйүнөн ымыркай уурдады" деп айыпталып 15 жылга кесилген айымды бошотуу талабы менен митинг өттү

"Бишкектеги №4-төрөт үйүнөн ымыркай уурдады" деп айыпталып 15 жылга кесилген айымды бошотуу талабы менен митинг өттү.

Акциянын катышуучуларынын бири Накен Мамырканованын айтымында, бала саткан адамдар жазасын албай, ага тиешеси жоктор абакта отурушат. “Баланы Нуржан Мекенова деген миң долларга сатып алган. Ал көрсөтмөсүндө “Бул ымыркайдын ата-энеси жок деп айтышкан. Багуудан кайтарылган бала деп Элмира аттуу медайым палатадан үч ымыркайды көрсөттү. "Кайсынысын аласың?" дегенде Айниса Суранчиеванын кызын жактырып, ошол кызды алгам" деп жатат. 

Октябрь райондук соту Шарапат Мамырканова, Бегай Алиева, Нуржан Мекенованы 15 жылга камакка алуу чечимин чыгарган. Бирок Нуржан Мекенова 270 миң сом айып пул төлөп чыгып кетти. Биздин талап: Нуржан жана ага жардам берген медайымдар камалышы керек. Ал эми Шарапат абактан чыгарылышы керек. Анткени ал бала уурдалган күнү жумушта болгон эмес, табелде да болгон эмес, эс алып үйүндө болгон. Бул сотто да далилденген",- дейт ал. 

Акциянын башка катышуучулары Октябрь райондук сотунун судьясы Жамиля Сабитова өкүмдү туура эмес чыгарган айтышып, ишти кайрадан кароо керек дешүүдө. 

Укук коргоочу Качкын Булатов: "Мен бул иштин башынан аягына чейин анализ жасап жатам. Ал эми туура эмес чечим чыкканы боюнча айтсам, судья ишти терең караган эмес, үстүртөн эле карап койгон. Албетте, бала уурдалган күнү ким кайда болгонун жана буга кимдин катыштыгы бар экенин изилдеп, протокол түзүш керек эле",- деди. Митингчилердин талаптарын президенттик аппараттын эки өкүлү келип укту. 

Эске салсак, өткөн жылдын 5-ноябрында Бишкектеги №4-төрөт үйүнөн ымыркай уурдалганы маалымдалган. Кийин 10 күнгө жетпей ымыркай Асанбай кичи районунан табылган. Аталган кылмышка шектүү катары эки дарыгер айым жана ымыркайды сатып алган аял кармалган эле. Кылмышка шектүү болгон Нуржан МекеноваШарапат Мамырканова жана Бегайым Алиеванын иши боюнча сот отуруму 19-июнда болгон. Соттун чечимине ылайык, Бегайым Алиева менен Шарапат Мамырканова 15 жылга эркинен ажыратылышса, Нуржан Мекеновага 270 миң сом айып пул салынган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
zamir..
2014-07-30 13:42:38
Ушу кантип болсун.соттолдубу эми отуруш керек.созсуз
+2
Nariste...12
2014-07-30 13:44:56
Колун менен кылганды, моюнун менен тартасын беле?
Куноолуулор албетте жазасын алышсын!
+2
aika1405
2014-07-30 14:08:35
7- апрель баатырлары дегенди уксам эле итиркейим келет,кайдагы баатыр.
+8
shakarap77.31
2014-07-30 14:56:47
Балким бул ишке Бакиев куноолуудур,
+2
tairermatov
2014-07-30 15:56:37
Кылмышкерлердин эле куну тууду, кылмышты коркпой жасай беришет эми, минтип туугандар колдоп жатса.
0
sasa84
2014-07-30 16:19:03
tairermatov, Туура айтасын,бир чечим чыкса эле митинг уюштуруп уйронуп алды бошотсун деген .Ойлонуп иш кылышпайт ,бара -бара малдан айырмабыз жок болуп бара жатат.Кудай сактасын баарыбызды!
0
aliaman
2014-07-30 19:59:36
ошо ымыркайдын уурдалышына тиешеси барлар баары оз жазасын алышы керек. Шарапаттын туугандары чыгып митинк кылса бошотсун беркилери камалсын деп. кызык эмне беркилердин туугандары жок бекен эртен алар да чыгышат да. негизи кыргыз элимде мен жашайын кылмышкер болсо да менин тууганым жашасын дегендер ото эле коп экен. жалпы коомду мыйзамды ойлогондор ото эле аз окшойт.
+1
momuntay
2014-07-30 20:03:39
Медайымдар кечиргиле, бирок кобунор озунорду кудай сезип аласынар. Торотуп коюу бул озунордун жумушунар керек болсо милдетинер. Торотуп эле койгой бала сатып бизнес кылгандарды Аллах жазасын берчин. Ымыркайды сатып жатып, энесинин ордуна синдинерди кызынарды коюп корбодунорбу? Бала багып алуучулар деле бироону сыздатып баласын багып алгылары келбесе керек.
+1
urmat_88-kg
2014-07-30 20:34:24
эээ Арман арман деги ушул митинг Кыргыздын тубуно жетмей болду. Токтоткулачы ушундай оорунарды
0
Danel
2014-07-30 21:39:30
Тообо кылдым! Ушул кантип болсун эми? Кудайгада жакпайт бул кылганыздар.
Бул кылмышка,бул законго мындай мисал келтирсе болот:-ЭШЕКТИ урган камалбайт,а КАРМАП берген камалат!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан