Жалал-Абад облусунун тургуну тапанча таап алып, аны өз ыктыяры менен милицияга тапшырып берди

Жалал-Абад облусунун тургуну Айбек Чыныбеков ТТ үлгүсүндөгү тапанча таап алганын айтып, аны өз ыктыяры менен милицияга тапшырып берди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады. Аталган жаран тапанчаны 2 огу менен Жалал-Абад шаарындагы “Тагай-Бий” мончосуна жакын жайгашкан, курулуп бүтө элек имараттын жанынан, баштыкка оролуп жаткан жеринен таап алган. Азыркы учурда курал экспертизага берилип, тергөө иштери жүрүп жатат. Ал эми өз ыктыяры менен курал тапшырган жаранга атайын сыйлык бериле турганын айтат ИИМ.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан