"Кыргызстанда дары-дармектерге кошумча нарк салыгы киргендиги тууралуу медициналык мекемелердин кабары жок" деп билдирди 21-январда фармацевтикалык “Медико Интернешнл” компаниясынын башкы директору Таалайбек Жайлоев. 2012-жылдын 6-октябрында тиешелүү мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизилип, ал мыйзам 2013-жылдын 10-январында ишке кирди. "Дал ушул мыйзамда дары-дармектерге кошумча нарк салыгын салуу тууралуу да жазылыптыр. Биз мындан кабарыбыз жок болчу. Эми КНСтин шарты менен дары-дармектердин баасын көтөрүүгө мажбурбуз. Бирок Кыргызстандагы мамлекеттик оорукана, дарыканалар баанын көтөрүлүшүнө даяр эмес”,- деди Жайлоев.