Кыргызстандык “Дея”, "Арууке", "Блютуз" бий топторунун балдары Казакстанда жол кырсыгына кабылышты

16-августтан 17-августка караган түнү кыргызстандык “Дея”, "Арууке", "Блютуз" бий топторунун балдары Мангистау облусунда жол кырсыгына кабылышты. Бул тууралуу казакстандык маалымат булактары жазып чыгышты. Маалым болгондой, кырсык Жетыбай-Курык унаа жолунда орун алган. Газель кичи автобусунун айдоочусу уктап кеткендигине байланыштуу унаа жолдон чыгып кетип, ала салган.

Салондо 18 адам болсо, алардын 15и балдар болгон. Алар Мангистау облусуна Түркмөнстандан “Достук” фестивалынан келе жатышкан.

"Тез жардам" менен 6 адам Шетпе айылындагы жана Актау облусундагы ооруканага жеткирилген. Полиция билдиргендей, алар алган жарааттар өмүрлөрүнө коркунуч алып келбейт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
jazz007
2014-08-18 10:32:57
Ырас кудайым сактаптыр силерди!
+2
jasi
2014-08-18 10:34:35
Ии, жаман болуптур го. Жакшы Кудай сактап аман калышыптыр.
+1
demo009
2014-08-18 10:41:18
кудай сакта,узак жолдо эс алып албаптыр.
+1
Ashurjan
2014-08-18 10:58:39
Ozu Jetibai-kuruktun jolu jaman I waferlorda ayabai katuu aidait menin tuulup oskon jerim
0
faha
2014-08-19 21:48:28
"Полиция билдиргендей, алар алган жарааттар өмүрлөрүнө коркунуч алып келбейт." - Politsiya da vrach bolup algan go
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан