Бирдиктүү мектеп формасы эртең, 21-августтан тарта “Алкан” базарында сатыкка чыгат. Бул тууралуу КРнын "Легпром" жеңил өнөр жай ишканалар ассоциациясынын директору Фархад Тологонов бүгүн, 20-августта SUPER.KG порталына билдирди.
“Быйыл бирдиктүү мектеп формасы милдеттүү эмес болгондуктан, азыр жайылтуу аракетин көрүп жатабыз. Бишкектин аймагындагы 93 мектепти 33 ишканага бөлүп бердик, алар форма менен тейлейт. Ишканалар бирдей сапатта тигишет жана бирдей баа коюшат. Ошол эле учурда жашоо шарты начар же көп балалуу үй-бүлөлөргө бекер берүү аракетин көрүшөт. Алдыдагы окуу жылы аяктаганга чейин аймактардагы мектептерди да бир катар ишканаларга бөлүп беребиз”,- дейт ал.
Фархад мырза кошумчалагандай, мектеп формасын 30-августка чейинки аралыкта базардан сатып алуу мүмкүн болот. Андан кийин ишканалар мектептер менен түздөн-түз иштешип, формаларды сата баштайт. Азырынча кыздардын формасы 1300 сом турат. Ал эми балдар үчүн формалардын баасы азырынча белгисиз. Негизи, министрликтин буйругуна ылайык, форма 2000 сомдон ашпашы керек.