Ички иштер министри уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы бар депутаттарды атады

"Ата Мекен" фракциясынын 20-августтагы кезексиз жыйынында ички иштер министри Абдулда Суранчиев уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы бар жергиликтүү кеңештин депутаттарын атады. Министр атаган депутаттардын арасында бир катар саясий партиялардын өкүлдөрү бар. Суранчиев буларды окуп берди:
"Алмазбек Кулболдиев, 1983-жылы туулган. КСДПдан Кара-Булак айылдык кеңешинин депутаты. Калыбек Нургожоев, 1970-жылы туулган. "Республика" партиясынан Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаты. Алтынбек Арзымбаев, Жин каймана аты менен белгилүү. "Ата Мекен" партиясынан Кара-Көл шаардык кеңешине талапкер. Самат Токталиев, 1988-жылы туулган. Сампо каймана аты менен таанымал, КСДП партиясынан Чолпон-Ата шаардык кеңешине талапкер. Камчы Көлбаев менен тыгыз байланышта, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү Эмил жана Кайрат Төлөн уулунун тууганы. 
Бакыт Баркалбасов, 1989-жылы туулган. "Улуу Кыргызстан" партиясынан Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаты. Замирбек Тургумбаев, Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү. Ош облусунун Кара-Суу районундагы Сарай айылдык кеңешинин депутаты. Эржигит Пасанов, Өзгөн районундагы Куршаб айылдык кеңешинин депутаты. Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү. Замир Сыргабаев, "Республика" партиясынан Баткен облусундагы Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты. Тынычбек Бекболотов, Лейлек районундагы Кулунду айылдык кеңешинин депутаты. 
Бакытбек Жетигенов, Нарын шаарынын 1966-жылы туулган тургуну. "Ар-намыс" партиясынан 5-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты, Коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин мүчөсү. Алмаз Бокушевдин ("кримавторитет") досу болуп эсептелет. Турусбек Ногоев, 1970-жылы туулган. Жайыл районундагы Бекитай айылынын тургуну, аталган райондун акими. Алмаз Бокушев анын өкүл атасы. Таалайбек Сүйүмбаев, 1981-жылы туулган. "Эл-Аман" партиясынан депутат, Кара-Балта шаардык кеңешинин төрагасы. Бокушевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү. Жээнбек уулу Белек, Жайыл районундагы Талды-Булак айылдык кеңешинин депутаты. Буга чейин төрт жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Бокушевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү. 
Руслан Жумагулов, Талды-Булак айылдык кеңешинин депутаты. Рустам Жумагулов Кара-Балта ЖЭБинин абоненттик байланыш кызматкери, Бокушевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү. Дастан Казакбаев, Бокушевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү. Кара-Балта шаарындагы "Манас" спорт комплексинин директорлугуна активдүү ат салышууда. Урмат Осмонкулов, Панфилов районундагы Кайыңды айылдык кеңешинин депутаты. Курманбек Тургуналиев, Кара-Балта шаарындагы "Манас" спорт комплексинин директорунун орун басары. Бокушевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү". 
Фракция жыйынында вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев өкмөт аты аталган депутаттарга таасир эте албастыгын айтты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан