Август айынын ортосунда Пекин шаарында белгилүү актёр Жеки Чандын 31 жаштагы уулу маңзат менен кармалган. Анын үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, 100 грамм марихуана табылганы белгилүү болгон. Уулунун жасаган иши үчүн атасы коомчулуктан кечирим сураганын 21-августта чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Ал 23 миллион адам жазылган интернеттеги өздүк баракчасына "аны жакшы жүрүм-турумга үйрөтпөгөнүм үчүн уулумдун бул кадамына өзүмдү жооптуумун деп эсептейм" деп билдирүү калтырган.
Кытайда баңгизаты менен күрөшкөн коомдук активист катары саналган актёрдун "Учурдан пайдаланып уулум Жейсиге кайрылып кетем. Сен туура эмес иш кылганың үчүн жооп беришиң керек. Сенин атаң катары сага жакшы тарбия бербегеним үчүн мен да жоопкерчиликти алам" дегени уулунун абалын жеңилдетеби, бул азырынча белгисиз. Ал эми маңзат сактаганы үчүн кармалган Жейси Чан 3 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Жейси менен бирге колго түшүрүлгөн тайвандык актёр Кэ Чженьдун күнөөсүн мойнуна алып, коомчулуктан кечирим сураган.