Кулунду айылынын тургуну тажик жарандары тарабынан сабалды. Бул тууралуу жабырлануучунун бир тууган агасы Бакир Арзыбаев SUPER.KG порталына билдирди.
“Бүгүн, 26-август күнү эртең менен иним Салибай Арзыбаевди тажик жарандары тосуп алышып сабап салышкан. Ал Максат айылындагы орто мектептин директору болуп иштейт. Кулунду айылынан унаасы менен жумушка бара жаткан экен. Учурда ал аймактык ооруканада жатат”,- деди Бакир Арзыбаев.
Айта кетсек, Лейлек районунун Кулунду айылынан Максат айылына баруу үчүн Тажикстандын чек арасын кесип өтүүгө туура келет. Мындан улам Кулунду – Максат унаа жолу курулуп жаткан болчу. Кечээки чек арадагы атышуу дагы аталган унаа жолундагы көпүрөнүн курулушунан улам келип чыккан.