Бүткүл дүйнөгө белгилүү помидор уруш жыл сайын августтун акыркы аптасында, шаршемби күнү Испаниядагы Буньоль шаарында өтөт. Тургундардын мындай көңүл ачуусун жергиликтүү бийлик органдары жакшы жышаан деп келишет. Помидор уруш улам аймагын кеңейтүү менен дүйнөгө тарап жатат десек болот.
Июль айынын башында Кытайда өткөн фестивалды айрым кытайлыктар ысырапкорчулук деп баалашканы да айтылган. Ал эми Испанияда 1945-жылдан бери өткөрүлгөн фестиваль 9 миң жашоочусу бар шаарда өткөнүнө карабай аны көрүү үчүн 40 миңге жакын турист келет. Фестиваль бир аптага созулуп, жарманке, фейерверк, ыр-бий менен коштолот.