Дүйнөдө таң калтырган көптөгөн дарттардын бири артрогрипоз (сөөк булчуңунун жабыркаганы менен төрөлөт) болуп саналат. Көпчүлүк учурда бул оору адамдардын муундарына тийип өтөт. Чет элдик басылмалар 3-сентябрда дал ушундай илдетке кабылган бразилиялык Клаудио Виейра де Оливейра тууралуу жазып чыгышты.
Бул дарт анын моюнун зыянга учуратып, башы артка бурулуп калган. Клаудио Виейра де Оливейра жарыкка келгенде жашап кетүүгө мүмкүнчүлүгү аз болгону айтылат. Адамдар апасына наристе ачкадан каза болуш үчүн эмизбөө тууралуу кеңешин беришкен. Физикалык жактан чектелүүсүнө карабастан, Клаудио дарыгерлерге чакырык таштап, өз алдынча жүрүүгө гана эмес, эсепчи жана оратор болууга жетишкен.
“Мен кичине кезимде өзүмдү дайыма бир нерсе менен алаксытчумун жана бирөөгө көз каранды болгонду жактырчу эмесмин. Бүгүн мен эсеп-кысап жаатында иш алып барам жана семинарларды өткөрөм. Буту-колумдун туура эмес жетилгенине карабай өз алдымча телевизор, радио күйгүзгөндү, чөнтөк телефонумду алганды, компьютер жана интернет колдонгонду үйрөндүм”,- дейт 37 жаштагы Клаудио.
Көз карандысыз Клаудио өз күчү менен Фейра-де-Сантананын мамлекеттик университетинде окуп, эсепчи кесибине ээ болгон. 8 жашында тизеси менен басканга үйрөнө баштаган. Мындан улам баласынын тепкичтен түшүүсүнө ыңгайлуу болуш үчүн үй-бүлөсү биринчи кабатка көчүшкөн.
“Мен бул дүйнөгө көндүм жана өзүмдү башкача сезбейм. Ошондой эле буюмдарды тескери көрө албайм. Мен буларды дайыма семинарларымда айтып келем”,- дейт ал.
Клаудио коомчулук менен иштегенден коркпой турганын жана сырткы келбетинен уялбаганын айтат. Бул коркунучтуу дартка жашоосун бузууга жол бербеген эрктүү адам азыркы тапта дүйнөнүн ар тарабынан чакыруу алган дасыккан оратор.