Жоголду деп изделип жаткан 12 жаштагы Адэля Алымбаева балдар үйүнөн табылды. Бул тууралуу атасы Азат Алымбаев бүгүн, 12-сентябрда билдирди.
Бирок Азат Алымбаев кызынын ал жакка кандайча барып калганын айткан жок. Бул боюнча күч органдары иштеп жатканын билдирди.
Ал эми Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов Адэля балдар үйүнөн эмес, тууганынын үйүнөн табылганын билдирди.
Айта кетсек, буга чейин Адэлянын 10-сентябрь күнү окууга кеткен боюнча дайынсыз экендиги айтылган эле.