Норвегияда 5 жаштагы кыз уктаган абалда 4 чакырым жолду басып өттү. Кыз эртең мененки саат 6да өлкөнүн түндүгүндөгү Хоннигсвог шаарынан табылган. Бул тууралуу 15-сентябрда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Укук коргоо органдарына саат 06:15те чакыруу келип түшкөн. Анда шаар тургуну короосунда уктап жаткан кызды таап алганын маалымдаган. Полиция кичинекей кыз түнү бою уйкудан турбай 4 чакырым аралыкты басып өткөнүн аныкташкан. Ал табылган райондо түнкүсүн абанын температурасы 0 градуска барабар болгону айтылган. Ага карабай кыздын ден соолугуна эч кандай коркунуч туулган эмес. Полициянын жетекчилиги наристенин ата-энесин таап, "Кыздын туугандарынын маалыматына караганда, ал буга чейин да түнү басып жүргөн. Бирок ушунчалык алыс аралыкка кетип калган эмес экен" деп билдирген.
Ата-энеси кызынын сыртка чыгып кетүүсүнүн алдын алып келишкенин, бул жолу туугандарыныкында конокто болуп, эч ким билбей калганын айтышкан.