Бактыбек Аманбаев: “Байлар күрөөгө акча коюп эркиндикке чыгып кетишсе, кедейлер камакка отургузулууда”

Бүгүн, 16-сентябрда маалымат жыйынында КРнын Акыйкатчысы Бактыбек Аманбаев: “Кыргызстанда байлар күрөөгө акча коюп эркиндикке чыгып кетишсе, кедейлер камакка отургузулууда”,- деп билдирди.

Анын айтымында, утурумдук тергөө абактарында кандайдыр бир кылмышка тиешеси бар деп шектелип тартип коргоо түзүмдөрү тарабынан камакка алынган ондогон, жүздөгөн карапайым атуулдардын айрымдары негизсиз жумалап, айлап, жылдап отурушат. “Алар үстүнөн козголгон кылмыш иштеринин кароо кезегин күтүп, тагыраак айтканда, качан алардын үстүнөн козголгон ишти кароо башталат деп бир канча мөөнөт ичинде отурушуп ден соолугун жоготушуп, ал тургай майып болуп калганга чейин жетишүүдө”,- деди ал.

“Мына ушундай жүздөгөн карапайым адамдар адилетсиз кыйноого кезигишүүгө төмөнкү себептер болууда: айрым судьялардын жана тергөөчүлөрдүн коррупцияга умтулгандыгы, айрым соттордун мындай ишти кароодогу кайдыгер мамилеси, соттордун ишинин начар уюштурулгандыгы жана КРнын Кылмыш-жаза кодексинин айрым укуктук алешемдиктери”,- деп түшүндүрдү акыйкатчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bolot00
2014-09-16 22:44:48
бактыбек ишинизге игилик сиздин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан