Аваз Акимов, Асел Касымова жана "Ак-Өргө City" "Тамашоу" командасы Орусияда концерт коюп келишти
Аваз Акимов, Асел Касымова жана "Ак-Өргө City" "Тамашоу" командасы Орусиянын Томск, Омск, Новокузнецк шаарларында 19-октябрдан 1-ноябрга чейин концерт коюп келишти. Бул тууралуу: "Бизди Орусияга жөн эле бир тойго келип кеткиле деп чакырышкан. Анан ошол жердеги мекендештерибиз жардам берип, бир катар шаарларды кыдырып, кыргыз туугандарыбызга биротоло концерт тартуулап келдик",- дейт Аваз Акимов.