Жогорку Кеңештин 18-сентябрдагы жыйынында өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Байыш Юсупов Ош облусунда кыш мезгилине толук даярдык көрүлө турганын айтты. Анын билдиришинче, Ош облусунда кышка даярдык көрүү боюнча штабдар иштеп жатат. "Быйыл аймактарда пландар көрсөтүлгөн график аркылуу аткарылып жатат. Учурда Ош облусунда жылуулук берүү тармагы 91 пайызга даяр. Электр тармагына көңүл буруп жатабыз. Көмүрдүн баасын кармап туруу үчүн аракет жасалууда. Көмүрдүн баасы 500 сомго жогорулап кетти. Көмүр казуучу ишканалардын жетекчилери көмүр ташыган унаалардын көлөмүн жогорулатууну суранып жатышат”,- деди Юсупов.