Койсун Курманалиева Таластагы мектептер көмүр менен 20 пайызга камсыздалганын айтты

Бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөттүн күз-кыш мезгилдерине карата даярдыгы каралууда. Жыйында өкмөттүн облустардагы өкүлдөрү жана Бишкек Ош шаарларынын мэрлеринин маалыматы угулду. Талас облусунун башчысы Койсун Курманалиева Таластагы мектептердин 20 пайызы көмүр менен камсыз болгонун билдирди.  

"Кышка даярдык көрүү боюнча бюджеттик мекемелерге 3 миллион 996 миң сом бөлүнгөн. Быйыл мектептерге жылдагыдан 1720 тоннадан ашык көмүр жеткирилди. Ал эми учурда мектептердин 20 пайызы көмүр менен камсыз болду”,- деди Курманалиева. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан