Өкмөт 25-сентябрда “Кумтөр”, Батукаев, Ош дирекциясы боюнча парламентте маалымат берет. Муну 18-сентябрдагы парламент жыйынында спикер Асылбек Жээнбеков билдирди. “Бүгүн өкмөттүн кышка даярдыгы каралууда. Башка маселелер боюнча суроо бербейли. Кызыктырган суроолоруңарды кийинки өкмөттүк күндө бергиле. Жоомарт Оторбаев баштаган өкмөт мүчөлөрү келип, токтомдордун аткарылышы боюнча маалымат беришет”,- деди төрага.
Айта кетсек, буга чейин айрым депутаттар парламент кабыл алган токтомдорду өкмөт аткарбай жатканын, олуттуу иштер боюнча түзүлгөн комиссиялардын ишинин дайыны жок экенин айтышкан эле.