Кыргызстанда быйыл кышында 2,3 миллиард метр куб электр энергиясын үнөмдөө пландалууда. Муну парламенттин 18-сентябрдагы жыйынында энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев билдирди. Министрдин билдиришинче, учурда электр энергиясын үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк болбой жатат. Бирок жазга чейин өкмөт бул планды аткарууга аракет кылат. Электр энергиясын үнөмдөө боюнча Талас облусунун башчысы Койсун Курманалиева “биздин облуста 7 мектеп көмүр менен жылытуу системине өттү” деп билдирди. Чүй облусунда 6 мектеп көмүр менен жылытууга өткөнү айтылды.
Айта кетсек, парламент жыйынында өкмөттүн быйылкы кышка даярдыгы талкууланууда.