Энергетика министри “Сауна, кафелердин көпчүлүгү көмүр менен жылытууга өтүштү” деди
Бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар энергетика жана
өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаевге“Ишканаларга үч фазалуу линиялар берилбесе,
бюджет кантип толтурулат?” деген суроо беришти. Артыкбаев тигүү цехтерине жана ишканаларга үч фазалуу электр энергиясы бериле турганын айтты. “Сауна,
кафе, унаа жуучу жайларга үч фазалуу электр энергиясы берилбейт. Алардын көбү көмүр менен жылытууга өтүштү. Тигүү цехтерине
жана ишканаларга үч фаза берилет. Үч фазага төлөм 1 сом 20 тыйындан эсептелет”,- деди министр. Депутат Кожобек Рыспаев үч фазаны өчүрүүдөн эч кандай
пайда чыкпай турганын айтты. “Элге
кайрадан шарт түзүп бергиле, бөрк ал десе баш алып жатабыз. Эл “төлөйбүз” десе каалаган линиясына өтүп алсын, жөн
койгула”,- дейт Рыспаев.