“Баткенде көмүрдүн баасы 9000 сом болууда” деген маалымат туура эмес. Муну парламенттин 18-сентябрдагы жыйынында премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирди. Анын айтымында, Сүлүктүнүн көмүрү гана 9000 сомдон болууда. “Бирок Сүлүктүнүн көмүрү үй жылытуу үчүн мештерге жагылбайт. Аны нан бышыруучу ишканалар жана башка атайын мекемелер колдонот. Ал эми эл үчүн керектүү болгон көмүрдүн баасы 4000 сомдун тегерегинде болууда”,- деди өкмөт жетекчиси.
Баткен облусунун жетекчиси Жеңиш Разаков Баткен облусунда учурда 1 тонна көмүрдүн баасы 4300 сом болуп жатканын кошумчалады.