Аксы районунун тургундары кайналы (кара өрүк) кургатуу үчүн азыр светти өчүрбөй, кийинки айларда көбүрөөк өчүрүүнү суранышууда. Муну депутат Анарбек Калматов ЖКнын 18-сентябрдагы жыйынында айтып чыгып, буга чара көрүүнү өкмөттөн суранды. “Аксынын жашоочулары “кайналыбызды кургатып, сатып, акчасына көмүр алалы десек свет бербей жатат. Сентябрь, октябрда лимиттин эсебинен светти үзгүлтүксүз берип, кийинки айларда көбүрөөк өчүрүшсө мейли” дешүүдө. Аксыда көпчүлүк үйлөрдө кайналы кургата турган цехтер бар. Аларга 3 фазаны берели да, кийинки айлардын эсебинен лимитти кайра кайтарып алалы”,- деди депутат.
Энергетика министри Осмонбек Артыкбаев бул жоопкерчилик район акимине жүктөлө турганын билдирди. “Район акими бизге арыз жазып, электр энергиясын кийинки айдан толуктап бере турган болсо, 3 фазаны кошууга болот”,- деди министр.