“Түндүк электр” ишканасы РЭСтерди бири-бирине кошуп, кадрларды баш аламан алмаштыра баштады”,- деп билдирди депутат Элмира Жумалиева 18-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында. Бул боюнча депутат Талас облусун мисал келтирди. “Талас аймагында РЭСтерди бири-бирине кошуп, кадрларды баш аламан алмаштыра баштады. Алар деле адам да, ишсиз калган адистердин үй-бүлөсүн ким багат? Министрлик мындай баш аламан кайра курумдарды тезинен тартипке салышы керек. Жүргүзүлгөн реформалар натыйжалуу болууга тийиш”,- деди Жумалиева.
Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев: “Түндүк электр" ишканасында кайра курумдар жүргүзүлүп, 20га жакын жетекчи менен адистер иштен бошотулду. Анын натыйжасында техникалык жоготуулар 20 пайыздан 14,5 пайызга чейин төмөндөдү”,- деп жооп кылды.