"Республиканын" депутаттары Максат Сабировду кайрадан фракция лидери кылып шайлашты

Парламенттеги "Республика" фракциясынын депутаттары 17-сентябрда кезексиз жыйынга чогулуп, фракция лидери Максат Сабиров экенин дагы бир жолу тастыкташты. Муну фракциянын катчылыгы билдирди. Фракциянын лидерин кайра шайлоо фракциянын тегерегиндеги татаалдашкан кырдаалга жана Абдыжапар Бекматовдун фракция лидери болуп мыйзамсыз шайланып алышына байланышкан маселеге чекит коюу үчүн жасалганы айтылды. Максат Сабировдун талапкерлигине бул жолу 14 депутат "макул" деп добуш бериптир.  
Эскерте кетсек, быйыл 30-июнда Жогорку Кеңештеги "Республика" фракциясынын лидери болуп 12 депутаттын добушу менен Абдыжапар Бекматов шайланганы кабарланган эле. Бирок мындан кийин фракциядагы айрым депутаттар, мунун ичинде Максат Сабиров да Бекматовдун фракция лидери болуп шайланышы мыйзамсыз экенин айтып чыгышкан. "Фракциядагы 15 депутаттын 14үнүн добушун алуу менен Максат Сабиров фракция лидери болуп бекитилди",- деп билдирет катчылык. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан