Токтогул суу сактагычындагы суу былтыркыдан 3,9 миллиард метр кубга аз

Жогорку Кеңештин 18-сентябрдагы жыйынында депутат Дастан Жумабеков:Тажикстан менен Кыргызстандын климаттык шарты бирдей болгондугуна карабастан, Тажикстандын ГЭСтеринде суу жетиштүү экен. А бизде суу жок деп отурабыз. Биздин суу кайда кетти?”-  деп өкмөт башчыга суроо салды. Премьер-министр Жоомарт Оторбаев эки өлкөнүн климаттык шартын салыштыруу мүмкүн эмес экенин, быйыл Кыргызстанда кургакчыл аба ырайы болгондугуна байланыштуу Токтогул суу сактагычында 3,9 миллиард куб метр суу кем топтолгонун билдирди. “Биз адистер аркылуу тактадык, Кыргызстан менен Тажикстандын жаратылыш шарты бири-биринен кескин айырмаланат экен. Ошондуктан аларды бири-бирине салыштыруу ылайык келбейт”,- деп жооп кылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан