Дамира Ниязалиева: "Үй-бүлөлүк медицина борборлору ымыркайларды каттоого тургузуу үчүн акча албашы керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Дамира Ниязалиева 18-сентябрда "Парламент" радиосундагы маегинде коррупцияга каршы күрөшүү бийликтин эле эмес, ар бир кыргызстандыктын иши экенин айтты. Социалдык кызмат көрсөтүү мекемелеринин мыйзамсыз иштери боюнча берилген окурмандардын суроосуна депутат төмөнкүдөй жооп берди: "Үй-бүлөлүк медицина борборлору, балдар бейтапканалары, балдардын туулгандыгы жөнүндө тастыктамаларды бере турган мекемелер балдарды каттоого алганы үчүн акы алууга акысы жок. Ушул кезде ар кандай коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөш жүрүүдө. Ар бир кыргыз жараны андан четте калбоого тийиш, ансыз мындай жосундардан арыла албайбыз. Эгер силерден так маалыматтар келип түшсө, анда аларды сөзсүз иликтеп чыгып, ошондой кызмат адамдарына карата тиешелүү чаралардын көрүлүшүн талап кылам".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан