Кыргызстанда ар кимдин иштегенине жараша кийин пенсия берүү үчүн Социалдык фонд реформа жүргүзгөнү жатат. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Дамира Ниязалиева “Парламент” радиосунун түз байланышында билдирди. Депутат бул багытта жер-жерлерде угуулар, талкуулар өткөрүлүп жатканын белгиледи. Ошондой эле жыл сайын баалардын көтөрүлүшүнө жараша индексация болуп турсун деген максатта Жогорку Кеңеш тарабынан мыйзам кабыл алынганын кошумчалады. Анын негизинде 2011-жылдан тартып бир жылда эки жолу пенсияга кошумча каражат кошула баштады.