Кыргызстанда электр энергиясын колдонуу боюнча 3 фазага улануунун баасы 1700 сом. Муну парламенттин 18-сентябрдагы жыйынында энергетика жана өнөр жай министрлигинин өкүлдөрү билдиришти. “Тийиштүү документти толтуруу үчүн 1700 сом төлөнөт, башка акча алынбайт. Ал эми абоненттер 3 фазадан баш тартса, аны бир фазага өткөрүү бекер болот”,- деди министрликтин өкүлү. Жыйында депутаттар “Эмне үчүн 3 фазага бааны 1 сом 20 тыйын кылып кымбаттатып, бирок кайра 3 фазалуу абоненттерди өчүрүп жатабыз?” деп суроо беришти.
Буга энергетика министри Осмонбек Артыкбаев “3 фазаны үй жылытууга колдонууга гана мүмкүн эмес” деп жооп берди.