Жогорку Кеңештин 18-сентябрдагы жыйынында депутат Дастан Бекешев премьер-министр Жоомарт Оторбаевге бир катар суроолор менен кайрылды. Бекешев айрым мамлекеттик органдар электр энергиясын пайдалануу көлөмү жылына 7-12 пайызга чейин өскөнүн билдиргенин, ортодогу айырма кыйла чоң болуп жатканын мисал келтирди. “Мынчалык айырма болбошу керек. Өсүүнүн так көлөмү канча?”- деди депутат. Жоомарт Оторбаев өсүү көлөмү ар жылы ар башка болуп жаткандыктан, электр энергиясынын жылдык өсүшү болжол менен 5-12 пайыздын тегерегинде болуп жатканын белгиледи.
“Эл арасында “Токтогул суу сактагычынын суусу сатылып жатат” деген кеп бар, бирок анын аныгына жетүү кыйын. Мындай айыптоолордон кутулуу үчүн Нарын каскадындагы ГЭСтерге видеожабдуу орнотулса, суунун качан, кандай көлөмдө, кайда кетип жатканы так белгилүү болмок”,- деп кошумчалады Бекешев. Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев мындай сунушка макул экенин билдирди.