Бишкектеги көпүрөнү оңдоо боюнча Алмазбек Атамбаевдин бир жыл мурун айткан тапшырмасы дагы эле аткарыла элек

Бишкектин Түштүк магистраль көчөсүндөгү көпүрөнүн жөө адамдар өтүүчү бөлүгүн кеңейтүү иши жылдын аягына чейин бүтөт. Муну бүгүн, 18-сентябрда мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Аталган ишти жасай турган компанияны тандоочу тендер 30-сентябрда өтөт.  
Эскерте кетсек, аталган көпүрө 2013-жылдын 26-октябрында ишке берилип, анын ачылышына президент Алмазбек Атамбаев катышкан. Көпүрө жакпай калганын, тротуарын 2 метрге чейин кеңейтүү зарыл экенин өлкө башчы ошол кездеги мэр Иса Өмүркуловго айткан. "Бул иш мамлекеттик архитектура менен шаардык архитектуранын деңгээлин көрсөтөт. Көпүрө жакшы, бирок жөө адамдар өтүүчү жагын иштеп чыгуу зарыл. Эртең "буга да Атамбаев күнөөлүү" деп чыгышат. Мындай чечим кабыл алган адамды иштен айдаш керек",- деген президент. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан