Жогорку Кеңештин 18-сентябрдагы жыйынында премьер-министр Жоомарт Оторбаев 1-октябрдан баштап өлкөдө газдын баасы 12 сом 95 тыйын болорун айтты. Анын айтымында, “Газпром” ишканасы Казакстан аркылуу газды Кыргызстанга 165 доллардан бере турган болду. “Газпром” ишканасы бизге кышкы жылуулук үчүн 300 миллион метр куб газ беребиз деп убада берди. Ал газ элге 12 сом 95 тыйындан сатылат”,- деди Оторбаев.
Буга чейин калк үчүн газдын баасы 16 сом 35 тыйын болуп келгенин кошумчалады.