Кара-Кече көмүр бассейнинде Жылуулук электр борбору курулат

Кара-Кече көмүр бассейнинде Жылуулук электр борбору курулат. Бул тууралуу өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Оторбаев Кара-Кечеде ЖЭБ куруу долбоорунун техникалык экономикалык негиздемеси иштелип жатканын билдирди. “Бул жерге чоң потенциалдуу ЖЭБ курууга болот. Биринчи фазада 700 мегаваттык электр станциясын куруу, 2-фазада да ушундай курса болот”,- дейт премьер. Техникалык экономикалык негиздеме бүткөндөн кийин станциянын негизги башкаруу принциптери иликтенип сунушталарын айтып, толугу менен альтернативдүү электр станцияларын курууга өтүү керектигин кошумчалады.

Айта кетсек, парламент жыйынында өкмөттүн быйылкы кышка даярдыгы талкууланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан