Бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Бишкек жана Ош шаарынын тургундарынын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган “Сырткы видеобайкоо жөнүндө” жана “КРнын ички иштер органдары жөнүндө” мыйзамына толуктоо киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорлорун биринчи окууда колдошту. Мыйзам долбоорлорунун демилгечилери – депутаттар Өмүрбек Текебаев, Асия Сасыкбаева, Наталья Никитенко, Жоомарт Сапарбаев, Бактыбек Калмаматов.
Мыйзам долбооруна ылайык, ордо калаанын жана Ош шаарынын бардык мекемелери менен ишканаларына видеобайкоо жабдууларын орнотуу милдеттендирилет. Видеобайкоо жабдуулары ошол мекеме жайгашкан жерде сырткы көзөмөл үчүн пайдаланылат. Видеобайкоо жабдууларын орнотуу мамлекеттик мекемелер үчүн республикалык бюджеттен, муниципалдык мекемелер үчүн жергиликтүү бюджеттен каржыланат. Ал эми жеке менчик ишканалар өз каражатынын эсебинен орнотушат.
Аталган мыйзам долбоору кечээ, 17-сентябрда талкууланган.