Шотландияда көз карандысыздык үчүн референдум өтүүдө

Бүгүн, 18-сентябрдагы референдумда шайлоочулар “Шотландия көз карандысыз мамлекет болушу керекпи?” деген суроого “ооба” же “жок” деп жооп бериши керек. Төрт саат мурун башталган референдумда шайлоону каалагандар кезекке турушууда. 
Эгер шайлоочулардын басымдуу бөлүгү "ооба" деп добуш беришсе, Шотландия 2016-жылдын 24-мартынан тартып Британиянын курамынан чыгат. Референдумга катышуу үчүн аймактан 97 пайыз шотландиялыктар катталган. 
Добуш берүүнүн жыйынтыгы 19-сентябрда Бишкек сааты боюнча 03:00дө чыгарылары айтылууда. Референдум тынч өтүп жатканын жергиликтүү полицияга шилтеме берүү менен 18-сентярбда чет элдик басылмалар жазып чыгышты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан