Жогорку Кеңеш бүгүн, 18-сентябрдагы жыйынында депутат Исмаил Исаков тарабынан демилгеленген "Айрым категориядагы кызмат адамдарына Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары активдерге ээ болууга тыюу салуу жөнүндө" мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду.
Мыйзам долбоору саясий жана мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген кызмат адамдарына чет өлкөдөгү банктардан эсеп ачууга жана ээ болууга, акча каражаттарын сактоого, чет мамлекеттин аймагында кыймылсыз мүлккө ээ болууга тыюу салат. Эгерде мындай фактылар катталса, 3 жылдан 5 жылга чейин жогорку кызматтарда иштөө укугунан ажыратылат жана мүлкү мамлекетке өткөрүлөт.