Мамлекеттен электр кубатын алып саткан 17 жеке менчик фирма бар. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеңеште депутат Майрамкүл Тиленчиева айтып чыкты. Анын айтымында, фирмалар министрликтен электр кубатын 27-35 тыйындан сатып алып, элге 145 тыйындан сатып келет.
“Мамлекеттен электр кубатын алып саткан 17 жеке менчик фирма бар экен. Мисалы, “Электросила” деген фирма электр кубатын мамлекеттен 27-35 тыйындан алып, калкка 145 тыйындан сатат экен. Кызматкерлери айына 25 миң сомдон маяна, ага кошумча премия алат экен. Ушул жылдын апрель айында эле 4 жолу премия алганын маалымат каражаттары жазып жатат. Элдин эсебинен байыган мындай алып сатар ортомчулар болбошу керек”,- деди Тиленчиева.