Кыргызстанда 1 чакан ГЭС курууга 1,5 миллион доллар жумшалат

Кыргызстанда 1 чакан ГЭС курууга 1,5 миллион доллар жумшалат. Муну бүгүн, 18-сентябрда парламент жыйынында вице-премьер-министр Валерий Диль билдирди. Бүгүнкүдөй тариф менен чакан ГЭСтердин өзүн өзү актоосу орточо 25 жыл деп болжолдонорун айткан өкмөт өкүлү “мындай божомол инвестиция тартууга жагымсыз жагдай” деп билдирди. Энергетика тармагына миллиондогон долларлык инвестициялар келип жатканын айткан депутат Мирлан Бакиров 1,5 миллион долларга пилоттук долбоор катары бир чакан ГЭС курса боло тургандыгын билдирип, Базар-Коргон районундагы Кара-Үңкүр дарыясында чакан ГЭС курууга долбоор бар экенин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан