Парламент депутаты Улукбек Кочкоров электр компанияларынын карыз үчүн жазган туумдарына бюджеттин акчасынын төлөнүшүнө каршы. Муну депутат ЖКнын 18-сентябрдагы жыйынында айтты. “Бир мисал айтайын, бир ишкана электр энергиясы үчүн 2,5 миллион карыз болуп калыптыр, анын 1,5 миллион сомун электр компаниясы туум үчүн жазып коюптур. Эмне, жеке компаниялардын туумдарына бюджеттин акчасынан төлөгүдөй мамлекетибиз ушунчалык байбы?”- деди депутат.
Айта кетсек, парламент жыйынында өкмөттүн быйылкы кышка даярдыгы талкууланууда.