Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 18-сентябрда кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыкты. Муну президенттик аппараттан билдиришти. Өлкө башчы эмгек өргүүсүн Түркиядан өткөрөт. Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын чакыруусу менен кийинки аптанын аягында Стамбулда өтүүчү "Аймактык өнүгүү үчүн ресурстарды ачыктоо" деген темадагы Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумга катышары айтылды. Мындан сырткары Алмазбек Атамбаев эки тараптуу алаканы талкуулоо үчүн Түркиянын мамлекет жетекчилери менен жолугушууларды өткөрөт.